Menu

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Базар-Коргон районунун 100 жылдык маарекесине катышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламент депутаттары Ош жана Жалал-Абад облустарындагы иш сапарынын алкагында Базар-Коргон районунун 100 жылдыгына арналган маарекеге катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Салтанатта сөз сүйлөгөн Төрага Дастанбек Жумабеков Президент Сооронбай Жээнбековдун жана Жогорку Кеӊештин атынан район тургундарын маарекеси менен куттуктап: “Бул район – эмгекчил дыйкандардын, акылман инсандардын жана кайратман уул-кыздардын мекени. Бүгүн, өткөрүлүп жаткан иш-чара райондун өткөн тарыхына баам салып, сыймыктануу менен келечегине керектүү максат коюуга өбөлгө болот. Айрыкча, табияты кооз, эли эмгекчил Базар-Коргон районунун мүмкүнчүлүгү кеӊ, жалпы өлкөбүздүн өнүгүшүндө мааниси өтө жогору. Себеби, аймактардагы жетишкендиктер аркылуу мамлекетибиздин экономикасы артып, туруктуу өнүгө алат”, – деди.

Ошондой эле, Төрага бир кылымдык тарыхый таржымалга ээ Базар-Коргон району көп улуттар ынтымак менен биримдикте жашаган куттуу аймак экенин белгилеп: “Биз бир жакадан баш, бир жеӊден кол чыгаруу аркылуу бийиктиктерди багынта алабыз. Ал үчүн укук үстөмдүгүнө баш ийип, мыйзамдуулукту бекем сакташыбыз керек. Өзгөчө коррупциялык көрүнүштөргө каршы биргелешип күрөшүүбүз зарыл”, – деп кошумчалады.

Президент тарабынан демилгеленген Аймактарды өнүктүрүү жылын утурлай өткөрүлүп жаткан салтанат жакшы ийгиликтердин башаты болсун деген Дастанбек Жумабеков: “Акыркы учурларда мамлекетибизде маанилүү жумуштар жасалып, ири долбоолор ишке ашууда. Алсак, Базар-Коргон районунда мамлекет тарабынан стадион ачылып, жаӊы спорттук жай ишке берилгени турат. Буйруса, ушул стадиондон райондун эле эмес, өлкөнүн намысын коргогон уул-кыздар өсүп чыгат деген ишеничтемин. Бул албетте чек эмес. Мындан ары да маанилүү долбоорлорду ишке ашырып, райондун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө байланышкан жумуштарды жасашыбыз керек”, – деп белгиледи.

Белгилей кетсек, Базар-Коргон районунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык маарекесине арналган салтанатка Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жетекчилери жана район тургундары менен меймандары катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: