Menu

Жогорку Кеңештин депутаттары Жалал-Абад шаарында жаңы курулган спорт комплексинин ачылышына катышышты

Бөлүшүү:

Кечээ, 2-ноябрда Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Жалал-Абад шаарындагы ден соолуктуу чыӊдоочу спорт комплексинин ачылышына катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жалпы аянты 2,5 миӊ чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат “Газпром-Балдарга” программасынын алкагында курулган Кыргызстандагы тогузунчу спорт комплекси болуп эсептелет. Буга чейин өлкө боюнча ушундай сегиз жай курулган. Баардык комплекстер спорттун көп түрү боюнча машыгууга жана таймаш өткөрүүгө ылайыкташтырылып, керектүү заманбап жабдуулар менен камсыздалган.

Спорт комплекстин ачылышында сөз сүйлөгөн Төрага Дастанбек Жумабеков мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүндө жарандардын ден-соолугуна кам көрүү башкы маселелердин бири экенин белгилеп: “Өсүп келе жаткан жаш муундардын саламаттыгын чыңдоону өлкөнүн жаркын келечегин камсыздоо аракети катары караганыбыз оң. Себеби, жаштар – биздин келечек. Ден-соолугу чың адам гана өсүп-өнүп, ийгиликтерди багынта алат”, – деди.

“Бүгүн ачылып жаткан ден соолуктуу чыңдоочу спорт комплексинен да облустун эле эмес, жалпы республиканын атын алыска тааныткан, желегебизди эл аралык таймаштарда желбиреткен эр-азаматтар чыгат деген үмүттөмүн. Бул жай бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалган экен. Жаш спортчуларыбыз тынымсыз аракет жана талыкпаган эмгек менен түзүлгөн мүмкүнчүлүктү толук пайдалануусу шарт”, – деп кошумчалады.

Белгилей кетсек, спорт комплексинин ачылышына Жогорку Кеӊештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров, депутаттар Айнура Осмонова, Таалайбек Масабиров, Азизбек Турсунбаев, Максатбек Эгембердиев, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров баштаган жергиликтүү бийлик жетекчилери жана “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын башкы директору Болот Абилдаев катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: