Бүгүн, 30-январь күнү Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “Республика – Ата-Журт” фракциясынан ЖКнын депутаты Сагындык Келдибаев Өзгөн районундагы Куршаб айылына шаар статусун берүүнү сунуштады.
“Куршаб айылы шаар статусун алуу үчүн бардык талаптарга жооп берет. Тиешелүү документтердин бардыгы даяр болду. Бүгүнкү күндө документтер комиссиянын кароосунда турат. Аны карап чыгып жакшы жагына чечип бериши керек” – деп билдирди эл өкүлү.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ