Кытайдан келген казак улутундагы өспүрүмдөр Казакстандын бийлигинен Шинжаң аймагындагы саясий тарбия берүүчү лагерлерде кармалган ата-энелерин бошотууга жардам берүүнү суранышты.
“Ата-Журттун эрктүү жаштары” уюмунун маалымат жыйынына ата-энелери Кытайда калган, анын ичинде Шинжаңда абакта отурган мектеп жашындагы ондогон балдар катышты.
Жолугушуунун катышуучулары маалымат жыйынына Алматыда жана анын чет жагында жашаган балдар келгенин билдиришти. Активист Серикжан Биляш республикада атасы же энеси Кытайда калган 500дөй бала бар деп эсептейт.
Шинжаңда уйгурлар менен кошо казактар да куугунтукка кабылып жатканы тууралуу кабарлар мындан 1,5-2 жыл мурда тарай баштаган. Астана Шинжаңдагы массалык камакка алууну ачык айыптоого батынбай турат.
Сентябрь айында “Human Rights Watch” укук коргоо уюму Шинжаңда кармалып жаткандардын арасында кыргыздар да бар экенин билдирген. Кытайдын бийлиги саясий лагерлерди жарандарды кесипке үйрөтүүчү кадыресе борборлор катары мүнөздөйт.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ