Menu

СДПК партиясы Иса Өмүркуловду катарынан чыгарды. Партиянын бул кадамы мыйзамдуу болдубу?

Бөлүшүү:

Өткөн жумада СДПК партиясы өзунүн «ветеран» мүчөсү, Жогорку Кеңештеги СДПК фракциясынын лидери Иса Өмүркуловду өзүнүн катарынан чыгарганын жар салды. Аны менен катар Жогорку Кеңештеги СДПК фракциясына кат жолдоп, Өмүркуловду фракция жетекчилигинен алуу боюнча сунуш да киргизгенге үлгүрдү. Бул боюнча айрым инсандардын оюн угуп көрдүк…

Тазабек Икрамов, Жогорку Кеңештин депутаты: “Өмүркуловдун партиядан чыгарылышы таптакыр мыйзамсыз”

—Иса Өмуркуловдун партиядан чыгарылышы таптакыр мыйзамсыз. Эки адамдын тирешуусунө кайсы бир партия лидери эч качан курмандык болбош керек. Өзү деле «кворум чогулбаптыр, бул мыйзамсыз болду» деп айтты. Бакыйган чечүүчү фракциянын лидерин болбогон шылтоо менен партиядан четтетип койгонго эч кимдин укугу жок. Каалаган адамды киргизип чыгарып элдин тагдыры турган жерде партиянын лидеримин дегендер абдан кылдат ойлонуш керек. СДПК парламенттеги чоң партия, канчалаган министрликтер карамагында бар. Аларды көзөмөлдөп иштөөн үн орду на Иса Өмүркуловду иштен алып саясат жасаган эч кимге деле жаккан жок.

Турсунбек Акун, коомдук ишмер: Кезинде Өмүркулов оппозициялык фракцияны жетектеп, СДПКнын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп жүрдү

—Мен Иса Өмүркуловду салмактуу саясатчы деп билем. Бир чакырышта бир партия, экинчи чакырышта экинчи партияга секире качпай канча убакыттан бери СДПК менен келе жатат. Шейшенкулович боюнча СДПКнын саясий кеңешинин чечими күлкү келээрлик көрүнүш. Анткени, СДПКнын лидери Алмазбек Атамбаев качкын президент Курманбек Бакиев менен соо-далаша коюп бийликке өтүп кеткенде да Өмүркулов оппозициялык фракцияны жетектеп, СДПКнын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп жүрдү. Андыктан азыр мындай кылганы туура эмес.

Кудайберген Базарбаев, экс министр: “Партиядан чыкканда эле Иса Шейшенкуловичтин асманы кулап кетпейт”

—Деги эле ушул партиядан чыгарылды бул мыйзамдуу болду же мыйзамсыз болду деген сөздүн өзү туура эмес. Себеби ар бир партиянын ички иштери, уставы болот. Ошол уставдын негизинде Исаны партиядан чыгарышты. Балким ошол уставга тууралашкандыр. Кандай болгон күндө дагы дал ушун дай учурда Иса Өмүркуловдун кабыл алган адамдарынан саясат жасаган болбогон иш. Партиядан чыкканда эле Иса Шейшенкуловичтин асманы кулап кетпейт. Ал Жогорку Кеңештин депутаты, анан СДПК фракциясынын лидери бойдон кала берет. Ишин уланта берет дегендей…

Дайырбек Орунбеков, журналист: “Атамбаев азыр партиясына көз боемочулук кылып жатса, мурда мамлекетти так ушундай айлакерлик менен алдап, саясатчыларды өкүм зордук менен коркутуп оозун басчу”

—Иса Өмүркуловдун партиянын  катарынан чыгарылышы мыйзамсыз Анын мурдагы жүрүм-туруму, позициясы өзүнчө сөз. Бирок, бул жолку болгон окуя күлкү келээрлик эле. Атамбаев жаз айында 200 кишиш чогултуп съезд өткөрүп, өзүн партиянын төрагасымын деп жарыялаган. Съездде катышып отурган 200 кишинин 40-50дөйү дагы чыгып кетсе кере эле. КСДП – партия эмес эле, таарьп гандардын «жазалоочу» уюмуна айланып калды. Иса Өмүркуловду партиянын катарынан чыгаруула мыйзам, эреже сакталган жок. Ирина Крамушкина айтты: «Саясий кеңеште 36 адам бар, анын 10у келип катышып калганы доверенность берип, кворум болду»,-деп. Мен ага эч качан ишо бейм. Мисалы, Кожобек Рыспас ди партиядан чыгарганда дагы. Өмүркулов «доверенность» берген деп жарыялашкан. Кийин, анын бербегени ачыкталган. Азыр Атамбаев  баштаган КСДПнын салмагы, күчү деле жок. Алар партиядан чыгарып жатат, бирок фракция партиянын сунушун тоготуп дагы койбойт.

Атамбаев капа болгон аламдарын партиянын катарынан чыгарып ачуусун басып жатат. Мындай кадамы менен кайра ал партиялаштана жардам берүүдө. Кантип Атамбаевден алыстап кетсем дегендердин асмандан издегени жерден табылгандай эле эмеспи. Дагы убакыт өтүп, КСДП бөлүнүп кетет же Атамбаев көбүн партмүчөлүктөн чыгарып  жатып Карамушкина, Мадеминов, Аттокуровдор эле калышы мүмкүн.

Салмактуу, артында электораты бар мүчөлөрү өзүнчө күч болуп партия ачышат же КСДПдан Атамбаевдин өзүн четтетип коюшат. Азыркы Атамбаев башында отурган КСДПнын акыркы аракеттери толук мыйзамсыз. Мамлекетти алдап, элдин көзүн боеп көнүп калгандар – азыр ошол аракетин өзунүн партиясына кылып жатат. КСДП – Иса Өмүркуловду катардан чыгарганга макул болгон саясий кеңештин тизмесин чыгарсын. Доверенность берди дегендин 90%ы берген эмеспиз деп айтат. Тизмесин чыгара албайт, анткени чындыгы жок булардын. Атамбаев азыр партиясына көз боемочулук кылып жатса, мурда мамлекетти так ушундай айлакерлик менен алдап, саясатчыларды өкүм зордук менен коркутуп оозун басчу. Чыныгы анын жүзүнүн үлгүсү ушул.

Бекташ Шамшиев, журналист: Ушул кадамдары менен экс-президент партиясынын кадырын бир топ кетирип койду

—«СДПК» партиясынын ичинен салмактуу, өз принциби бар, акылдуу, такшалган саясатчылардын бири Иса Өмүркулов экенин көпчүлүк билет. Көп эле адамдар СДПК партиясына кызыкчылык үчүн кирсе, айрымдар чыныгы элдин кызматын аркалайын деп киришкен. Мынаушул элдин кызматын аркалайм деп ак дили менен киргендердин бири Иса болгон. Партиянын ысыгына күйдү, суугуна тоңду. Кандай оор кырдаалдарда Атамбаевдин жанында болду. Анан бир адамдарды кабыл алып коюпсуң деп партиядан чыгара салуунун өзү туура эмес болуп калды. Исанын жасаган эмгегин, иштерин баалап коюш керек болчу. Экс-президент саясатчылар көңүлгө жакпаса эле партиядан чыгарасалып, киргизе коёттурбайбы. Чынын айтканда дал ушул кадамдары менен экс-президент партиясынын кадырын бир топ кетирип койду.

Булак: «Мантыш»

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 + = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: