Menu

АКШ бийлиги чет өлкөлөрдү Конгресс шайлоосуна кийлигишпөөнү эскертти

Бөлүшүү:

АКШ Ички иштер департаменти, Юстиция министрлиги, Улуттук чалгындоо директорунун кеңсеси жана Иликтөөлөр боюнча федералдык бюро Конгресстеги орто мөөнөттүк шайлоо алдында биргелешкен билдирүү таратышты.

Билдирүүдө Кошмо Штаттар шайлоого Орусия, Кытай жана Иран сыяктуу чет өлкөлөр кийлигише турган болсо, сабырдуулук көрсөтпөй турганы айтылган.

Америкалык атайын кызматтарга добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир эте турган шайлоо инфраструктураларын бузуу боюнча маалыматтар түшө элек. Бирок АКШ бийлиги америкалыктарды кыраакы болууга, күмөндүү иш-аракеттер тууралуу тиешелүү органдарга кабар берүүгө үндөөдө.

АКШ шайлоого кийлигишкен чет өлкөлүк жарандарга жана түзүмдөргө санкция жарыялоого ниеттенүүдө. Учурда Вашингтондо 2016-жылы өткөн президенттик шайлоодогу Орусиянын ыктымал кийлигишүүсү иликтенүүдө. Июлда атайын прокурор Роберт Мюллер Орусиянын 12 жаранына расмий түрдө айып таккан. Алар аскер чалгын кызматкерлери экени айтылган жана АКШ Демократиялык партиясынын серверлерин бузууга, ошондой эле киберчабуулдарга шектелүүдө.

6-ноябрдагы добуш берүүнүн натыйжасында Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын толук курамы же 435 мүчөсү, Сенаттын үчтөн бир бөлүгү же 100 мүчөсүнүн 35и кайра шайланат.

6-ноябрда АКШнын жарандары өлкөнүн 50 штатынын 36сында губернаторлорду да шайлайт.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 + = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: