Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты өткөрүлөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлады.
Маалыматка ылайык, эркектер жана кыз-келиндер арасындагы бул мелдеш 15-18-ноябрь күндөрү өткөрүлүп, өлкөнүн баардык аймактарынан келген мушкерлер катышат.
Эркектер 52, 57, 63, 75, 81, 91 жана 91 килограммдан жогорку салмактык бөлүктө күч сынашат. Ал эми кыз-келиндер 49, 57, 64, 69, 75 килограммга чейинки салмактык бөлүктө өз күчүн сынайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ