Бүгүн, 6-ноябрда Доха шаарында Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги элчиси Нуран Ниязалиев Катар Мамлекетинин Бажы кызматынын тѳрагасы Ахмад бин Абдулла Аль-Жамал мырза менен жолугушуу ѳткѳрдү.
Жолугушуу учурунда кыргыз-катарлык ар тараптуу кызматташууну тереңдетүү маселеси каралып, соода-сатык жана бажылык багыттарындагы алаканы бекемдѳѳ аракеттери талкууланды. Элчи Нуран Ниязалиев Кыргыз Республикасынын жогорку сапаттагы малчылык менен дыйканчылык азык-түлүктѳрү тууралуу кабарлап, аларды Катар Мамлекетине экспорттоодо бажылык жеңилдетилген шарттарды түзүп берүүнү суранды. Катарлык Бажы кызматынын Тѳрагасы Ахмад бин Абдулла Аль-Жамал кыргыз ѳндүрүмдѳрүнѳ ѳзгѳчѳ бажылык тариздѳѳ жана бажылык кѳзѳмѳл болоорун билдирди. Дохада ѳтѳ турган кѳргѳзмѳ менен жарманкелерге келген кыргызстандык кээ бир азык-түлүктѳрдѳн бажылык тѳлѳм алынбастыгын кабарлады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ