Казакстанда Сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон кыргыздын уулу, белгилүү саясий жана коомдук ишмер Жусуп Абдырахмановдун эстелигин тургузуу сунушталды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка караганда, мындай сунуш Актөбе облусунун жетекчиси Бердибек Сапарбаевге казакстандык Турарбек Кусаинов тарабынан жиберилген катында айтылган.
Анда 1936-1938- жылдары Сталиндик репрессияга 110 миңден ашуун казак жарандары туш болуп, анын 25 миңден ашууну атууга кеткен. Ошол учурда республиканы Левон Мирзоян башкарып турган. Учурда аймактагы Левон Мирзояндын эстелигин алып, ордуна 1930-жылдары казак туугандарга колдоо көрсөткөн кыргыздын уулу Жусуп Абдырахмановдун эстелигин тургузуу сунушталган.
Кусаиновдун айтымында Жусуп Абдырахмановго Казакстанда эстелик тургузуп, көчөлөрдүн бирине атын берүү керек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ