Menu

Евро Биримдик Кыргызстан менен экинчи деңгээлдеги келишим түзөт

Бөлүшүү:

Кыргызстан Евро Биримдик менен экинчи деңгээлдеги келишим түзүүнү көздөп жаткан Борбор Азия аймагындагы экинчи өлкө болуп саналат. Биринчиси Казакстан. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда Евро Биримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн саясат, маалымат жана басма сөз бөлүмүнүн жетекчиси Раймондс Виргинс билдирди.

Европалык аткаминердин айтымында, экинчи деңгээлдеги келишимде энергетика, транспорт жана коммуникация, ошондой эле мобилдик технологиялар тармактарын өнүктүрүү каралган.

Ошондой эле Виргинс  Евро Биримдик Кыргызстандын адам укуктарын чындоону улантаарын белгиледи.

“2017-жылы биз Бишкекте жана Брюсселде жолугушууларды өткөргөнбүз. Жыйынтыктары абдан ийгиликтүү болгон. Келе жаткан жылы биз келишимдин алгачкы версиясын көрө алабыз деп үмүттөнөбүз. Ал күчүнө киргенге дагы убакыт керек”, -деп жыйынтыктады Виггенс.

Эскерте кетсек, 2016-жылы Евро Биримдик Кыргызстандын “Жалпы системаларды перференциялоо плюс” (ВСП+) программасына кошулуусун колдогон. Ага ылайык, Кыргызсатан Европа өлкөлөрүнө 6000ден ашуун товарлардын түрүн экспорттоодо төлөмдөрдөн бошотулган.

Бирок Евро Биримдик өлкөлөрүнө  аталган товарларды өткөрүү үчүн евро стандартка туура келген сертификациялоону өтүү кажет.

Андан сырткары, ВСП+ программасынын алкагында коюлуучу маселелердин катарына  техрегламенттер гана эмес, өлкө тарабынан адам укуктарын, эффективдүү башкаруу, эмгек жана экологиялык талаптарды аткаруу дагы каралат

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − 74 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: