Бүгүн 14-ноябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында жаңы депутат болуп келген Эшмамат Тагаев ант берди.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков депутаттын ишине ийгилик каалады.
Эскерте кетсек, Эшмамат Тагаев “Бир Бол” фракциясынын тизмеси менен мурунку депутат Аскарбек Шадиевдин ордуна келди.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиев козголгон кылмыш иштерине байланыштуу 2-ноябрда депутаттык мандатынан ажыратылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ