Бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Отурумда билим берүү мекемелеринин имараттарын куруу боюнча талкуу жүрүүдө.
КСДП фракциясынын депутаты Карамат Орозова өкмөттүк саатка эмне үчүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана каржы министри Адылбек Касымалиев келбегенин сурады.
Ал “өкмөттүк саат “галочка” үчүн өтүп жатабы? Эмне үчүн өкмөт башчы жана каржы министри жыйынга келген жок? Жок дегенде биринчи вице-премьер-министр келиши керек. Аларды чакыртуу керек”, – деди Карамат Орозова.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ