Кечээ, 13-ноябрда Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода аймагын түзүүгө багытталган убактылуу макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдин Шаршеевдин айтымында, ЕАЭБ өлкөлөрү менен Ирандын ортосундагы келишим ишкерлердин 1 млн долларга жана бажы тарифинен 42 млн долларга чейин үнөмдөөгө өбөлгө түзөт.
Мындан тышкары, бул келишим ратификацияланып калса, эттин экспорту 80 пайызга, төө буурчактын экспорту 40 пайызга өсөт деген божомол бар экенин билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ