“Соттор, милициялар бала бакчалардын имараттарын ээлеп жатат”,- мындай пикирин бүгүн 14-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кожобек Рысбаев билдирди.
Анын айтымында мамлекеттик органдар бала бакчалардын имараттарын ээлеп алып жатат.
“Соттор, милициялар бала бакчалардын имараттарын ээлеп алып жатат. СССР убагында алардын мекемеси жок беле? Бул боюнча иш алып баруу зарыл”, – деди депутат.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова мамлекеттик органдар отурган бала бакчалардын имаратын кайтаруу боюнча иштер жүрүп жаткандыгын, быйыл Бишкек шаарында эки бала бакчанын мекемеси кайтарылгандыгын айтты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ