Кыргызстанда басылып чыгып жаткан газеталардын тиражы эки эсеге төмөндөдү. Бул тууралуу Массалык маалымат каражаттарынын колдоо борборунун өкүлү Бакыт Дыйканбаев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, жылдын башталышы менен көптөгөн гезиттердин, өзгөчө кыргыз тилдүү газеталардын тиражы төмөндөгөн.
“Кээ бирлери дагы деле иштеп келе жатат. Бирок тираждары 30%га чейин төмөндөп кетти. Мисалы, “Тамчы” газетасынын тиражы 50%га чейин түштү. Былтыр алар 7-8 миң экземпляр менен чыгып турушса акыркы айларда 4-4,5 миңден чыга башташты. Менин билишимче, “Тамчы”, “Фабула” жана “Алло реклама” гезиттеринин редакторлору өз иштерин токтотуу чечимдерин кабыл алышкан ”, – деди Бакыт Дыйканбаев.
Ал эми “Фабула” газетасынын жабылып жатканын анын башкы редактору Тилек Рыскулов тастыктады. Анын айтымында каржы маселелеринен улам гезиттин иши токтогон. Газетанын акыркы саны 18-октябрда чыккан.
“Мурда жумалык тиражыбыз 16, 5 миңди түзсө, акыркы айларда 5,5 миң тиражда гана чыгууга мүмкүн болду. Тапкан кирешебиз күнүмдүк муктаждыктарыбызга да жетпей калып жатты. Азыр окурмандардын баары интернетте. Биз дагы азыр интернет тармагына өтүүнү пландап жатабыз”, – деди ал.
“Эскерте кетсек, “Фабула” газетасы Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековго тиешелүү”, – деп жазат 24.kg сайты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ