Ош-Бишкек унаа жолунун 260- чакырымында газ ташыган унаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык бүгүн 15-ноябрда саат 12:35 чамасында Чычкан капчыгайында катталган. Анда “Рено” унаасынын дөңгөлөгү жарылып кетип оң тарапка кулап, өрттөнүп кеткен. Ал эми айдоочу секирип кеткенге үлгүргөн ал унаада өзү жалгыз бара жаткан. Кырсык катталган жерге өрт өчүрүүчүлөр келгенче унаа күйүп бүтүп калган. Бактыга жараша кырсыктан жабыркагандар жок, жана жолдогу каттам үзгүлтүккө учураган эмес.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ