Үстүбүздөгү жылдын 31-октябрында Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал 30-октябрь күнү белгисиз адамдар үйүнө ууруга кирип, 35 миң сом акчасын жана алтын буюмдарын алып кеткендигин билдирген. Аталган кылмышка шектелип 3 адам кармалганын шаардык милициядан кабарлашты.
Маалыматка таянсак, шектүү катары 1980-жылы туулган Б.В, 1990-жылы туулган С.А, 1977-жылы туулган Т.П кармалган. Аларга карата Кылмыш жаза кодексинин 164-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголгон.
Кармалган жарандар мурда соттолгондугу аныкталды. Кармалган учурда алардын жанынан 5 уюлдук телефон жана башка уурулукка керектелүүчү каражаттар табылган.
Учурда кармалган жарандарга башкоргоо чарасы катары 2 айга камакка алуу чечими чыгарылып, тергөө амалдары жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ