19-ноябрда “Апрель” телеканалынын журналисттерине берген маекте экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн мурунку кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун камакка алынуусу боюнча төмөндөгүдөй деди:
-“Икрам өзүнө акча керек болгондо ар дайым менден алууга болоорун билчү. Балким, ал өзү дагы бир нерсе чече аларын көрсөткүсү келип, жада калса, майда кадрдык иштерге дагы кийлигишкен. Бирок, анын пара алганына мен ишенбейм. Мен ойлойм, ал пара алгандыгы үчүн камалган жок, президенттик шайлоо учурунда болгон көп кир иштерди билгендиги үчүн камалды. Анын жөн гана оозун жабууну каалашкан. Мен ага чындыкты эрте эле айтуу керектигин эскерткем. Бирок, эгерде ал коррупция иштерине тиешелүү болсо, мен ага болушпайм.”
Кыргызчалаган:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ