Бүгүн, 20-ноябрда Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралу ал өзү Facebook социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.
Буга чейин Кылычбек Султан 12-октябрда Facebook социалдык тармагындагы баракчасында билдирүү жасап, “Жээнбековдун үй-бүлөлүк бийлиги кулмайынча Кыргызстанга кайтып келбейм” деп, чет элден башпаанек сураганын жарыялаган. Ошол күнү ал Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси кызматынан алынган. Коомчулук аны экс-президент Атамбаевдин таасирине кирип, анын бал тилине ишенип, ушул иштерге барып жатат деп жоромолдошкон. Атамбаевдин кечээги интервьюсунан кийин ал күтүүсүздөн Кыргызстанга кайтып келди.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ