Компьютер менен иштөөдө клавиатуралардын жардамы менен тез иш алып баруунун сырлары менен бөлүшөбүз. Албетте, бул функцияларды “чычкандын” деле жардамы менен аткарса болот. Бирок, убакыттан утууну кааласаңыз анда бул клавиатуралар сизге жардамга келет.
F2
Бул клавиша папкалар менен файлдардын аттарын оңой өзгөртүүгө жардам берет. Бир жолу гана басуу жетиштүү.
ALT+F4
Бул баскычтар терезени, же кандайдыр бир программаны тез жабууга жардам берет.
ALT+Backspace
Жазып жаткан текстиңизди кокустан өчүрүп алдыңызбы? Анда жогорудагы баскычтардын жардамы менен текстти артка кайтарып алсаңыз болот.
CTRL+SHIFT+N
Бир катар милдеттерди аткарган ыңгайлуу клавиатуралар. Бул баскычтардын жардамы менен жумушчу терезеден жаңы папка ачууга, же Google Chrome жаңы терезесин ачып алууга болот.
CTRL + T
Ал эми бул клавиатуралар каалаган браузерден жаңы терезе ачып берет.
CTRL + SHIFT + T
Кокустан маанилүү терезеңизди жаап алдыңызбы? Анда бул баскычтар сиздин акыркы терезеңизди ачып берет.
ALT + TAB
Ачык терезелердин баарына көз жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк берет.
CTRL + Esc
Негизги бет- “Пуск” ачып берет.
Windows + L
Көпчүлүк Win баскычын керексиз деп ойлойт. Бирок, бул андай эмес. Мисалы, бул клавишаны басуу менен системадан тез чыгып кетүүгө болот. Бул функция иш ордунан тез-тез чыгып тургандарга ыңгайлуу. Мындай учурда компьютериңизди эч ким колдоно албай калат.
Булак: takprosto
Кыргызчалаган: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ