Menu

Иши бүткөн Асановду эмес, келечеги кең Курманкуловду колдоп койбойлубу?

Бөлүшүү:

Буга чейин Сооранбай Жээнбековдун «24.ꧻ сайты аркьшуу берген интервьюсу, экс-прези-дентке акаарат келтиргени, сындаганы коом-чулуктун бүйүрүн кызыткан эле. Андан соң Алмаз-бек Атамбаев «Апрель» телеканалы аркьшуу пре-зидентти «туздап», ачык-айкын душманга айлануу менен күрөшүүнүн чыныгы жолуна өттү. Ошентип, эки дөөнүн согушу эл ичинде талкуу жаратып, ар кандай божомолдорго жем таштады.

Маалымат согушунун аянтында президенттик ад-министрация «отко май тамызууну» каалаган жок. Атамбаевдин кескин түрдөгү саясый айыптоолоруна жооп кайтарбады. Себеби, бийлик башындагы адам-дар иштеш керек, чатакташа беришсе кадыр-барктары

кашаят. (Ал эми Алмазбек Шаршеновичке душманда-ры жана «фейктердин» атака жасашы мыйзам ченем-дүү эле көрүнүш го…)

Көп өтпөй Сооронбай Шарипович экс-спикерлер ме-нен экс-премьерлерди чакырып, уй мүйүз тарта мамле-кеттин өнүгүшү, келечеги тууралуу акылдашуу ишара-сын жасады. Бул жерде башка экстер бир тең, Адахан Мадумаров бир тең болду. Ток этерине келгенде, Маду-маров бийликтин башкаруу саясатын сьшдап, бүгүнкү-дөй аракетгерден эч кандай майнап чыкпасын айтып, адатынча бетке чабарлыгын карматты. Кеңешмедеги анын сөзүн кайталоонун кажети жок, кыргыз элинин жарымы укту, окуду. Эң башкысы, Адахан Кимсанбае-вич элдин астында упай алуунун мыкты чебери катары

роль оиноп коиду.

Көпчүлүк элдин маанайы ушундай. Президентке сын айткан саясатчыны кунт коюп угушат да, «ап ба-ракелде, азамат!» деп сандарын чабышып, шымала-нып калышат эмеспи. Мадумаров мындай ыңгайды колдон чыгарган жок. Эки дөөнүн короосуна тең таш ыргытып, өзү ортодон ак карга сыңарындай акыл кал-чап, мамлекетке, эл-жерге күйгөн лидердин образын жаратты. Мурда «Бүтүн Кыргызстанды» 100 миңцей туруктуу колдогон катмар болсо, азыр тарапташтары дагы көбөйүүдө. Болгону Мадумаров саясаттын күрөө тамырын кармай алганы, анан тилинин тапкычтьпы менен өзгөчөлөнүүдө…

Тайлак НАЗЫМОВ

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 + = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: