Menu

Искендер Кадыркулов, “Түндүкэлектро” ААКтын жетекчиси: Жылытуу сезонуна даярбыз, бизде үзгүлтүк болбойт

Бөлүшүү:

Быйыл кыш эрте түштү. ТЭЦтен жылуулук алгандар ошол жакты карап, «от казандар жарылып кетпесе экен» десе, электр жарыгы менен үйүн жылыткандары «светибиз чыдай албай өчүп калбаса экен, өчүп калса эмне кылабыз, кимге айтабыз арманыбызды?» деген коомчулукта кандайдыр бир кооптонуу бар эле. ТЭЦ жак тынч, электр жарыгында болсо өтө чоң авария деле жоктой (болбой эле койсун), майда-баратын албаганда. 40 пайыздан ашык Кыргызстандын элин электр жарыгы менен камсыз кылып аткан «Түндүкэлектро» ишканасынын мүдүрү Искендер Кадыркулов мырза менен маек кылып, көйгөй жараткан маселелерден кеп курадык.

– Искендер мырза, сөздүн башын «акылдуу эсептегичтен» баштайлы. Сиздер үчүн пайдасы эле бар окшойт. Ал эми зыяны тууралуу уга элекмин…

– Биздин абонентгерге акылдуу эсептегичти орнотууда 1,5 миллиард сом короду. Ошого кеткен акчаны үч жарым жылда кайра кайтарып алдык. Эмненин эсебинен, 2012-жылы мен ушу жерге келгенде электр жоготуулары 23,5 пайыз болчу, бүгүнкү күндө 12,4 пайыз норматив менен келатабыз. Жогоруда биз короткон 1,5 миллиард сомду 2017-жылы май айында толуктадык.

– «Акылдуу эсептегич туура эсептебей атат» деген арыздар эл арасында бир учурда жайылып кетти эле…

– Бул анча-мынча туура эмес маалымат. Бизге кайрылгандар болгон, арызданып келишет. 6-7 кесипкөй адамдан турган комиссия жеринде барып, жадагалса эски эсептегичти жанына коюп көргөзүшөт. 99,9 пайызы «ии, чын эле туура экен, жаңылып атыппыз» деп ынанышат. Ушундай маселе менен эки жылдын ичинде 1500 кайрылуулар болуп, учурда баардыгы жайыңда экенин билебиз. Акылдуу эсептегичтин эмне касиети бар, киши менен кишинин байланышы жок. Инспектор абонент менен сүйлөшө албайт. Жашырганда не, мурун инс-пекторлор үймө-үй кыдырып, светтер уурдалып, алар ич ара сүйлөшүлүп, баш оорутмалар көп эле. Коррупциянын элементтери коштолуп турчу. Азыр андай жагдайдан арылдык.

– Анда эмне, инспекторлор жумушсуз калыштыбы же сиздер аларга башка жумуш таап бердиңиздерби?

– Бир жылдын ичинде 70тейи кыскартылды. Биз аларды жөн эле көчөгө чыгарып, жумушсуз калтырган жокпуз. Ар жыл сайын 1500-2000ге жакын жаңы абонент кошулуп турат. Биз мурунку жумушунан бул жакка котордук.

– Жыл башында ТЭЦте аябай чоң авария болбодубу, ошо жагдайда ал жактан жетиштүү жылуулук албагандар үйлөрүн электр жылыткыч менен жылытып, сиздерге чоң эле түйшүк жараткандыр. Ошо кезде абалыңар кантти?

– Ооба, туура айтасыз. «Түндүкэлектро» баардык түйшүктү өзүнө кабыл алды. Көп кабаттуу үйлөрдө жылуулук кескин түшүп, электр жылыткычтарды кошумча пайдаланышты. Бир жуманын ичинде зымдарыбыз чыдабай күйүп кеткен учурлар болду. Аларды өз убагында калыбына келтирип, бүт аракеттерди кылдык. 54 бригада күнү-түнү тынымсыз иштеп атты. Эсептеп көрсөк, 26 километр электр зымы күйүп кетиптир. Аны менен эле токтоп калбай, жайы бою дагы 5 бригада курап, кышында күйүп кеткен кабелдердин баардыгын ордуна коюп, жаңылап, Кудай буюрса, жыльггуу сезонго даярбыз, «Түндүкэлектродо» эми үзгүлтүк болбойт.

– А абоненттердин карыздары жокпу?

– Негизи эле абоненттердин маданияты көтөрүлдү. Илгери акча төлөбөй, элдин баары эле нааразычылыктарын билдирип, бирөөсү «светтиң акчасы эмнеге мынча көп чыкты, мен жарым ай мурун төлөгөм, бир жума болду биз жакта свет жок» десе, бирөөсү «бизге квитанция келген жок, контролер эшик какпады» дешчү. Мындай дооматтар азайды, жокко эсе болуп калды. Светтин акчасын 100 пайыз азыр төлөп атышат. Мурунку жылдары төлөнбөй калган карыздардан 40 миллион сом кошумча чогулду. Аларга жаңы техника жабдыктарын алдык.

– «Түндүкэлектро» ишканасы калктын канча пайыз катмарын электр жарыгы менен камсыз кылат жана бүгүнкү күндө жоготууларга канча пайыз учурап атасыздар?

– «Түндүкэлектро» ишканасы Кыргызстандын 40 пайыз элин электр жарыгы менен камсыз кылат. Биз башында айтып өттүк, акылдуу эсептегичтин пайдасы менен 23,5 пайыз жоготуудан 12,4 пайызга түштүк деп, ошондон улам кошумчалап айтып кетейин, 1 пайыз жоготуу 50 миллион сомдун тегереги болуп калат. Анан көп кишилер «жоготуу» дегенди түшүнбөйт. Бизде физиканын закону менен «техникалык жоготуу» деген түшүнүк бар. Мисалы, биздин трансформатордон абонентке алып барыш үчүн эле 11-12 пайыз жоготуу болот. Анткени, техникалык каражаттардын көпчүлүгү эски. Ал эми бүткүл дүйнөлүк көрсөткүч боюнча 6-8 пайыз жоготуу ар дайым болуп турат. Мисалы, Япония, Франция сымал өлкөлөрдү айтып атам.

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 20 = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: