Жогорку Кеӊештин бүгүн, 9-ноябрда өтүп жаткан жыйынында «Республика – Ата Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев өздөрү жетектеген парламенттик фракциялар мындан ары расмий түрдө оппозициялык фракциялар болуп санала тургандыгын жарыялады. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.
Ал эми Бакыт Төрөбаев «Өнүгүү – Прогресс» фракциясы конструктивдүү оппозициядагы эмес, альтернативдик оппозициядагы фракция болорун билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ