Бүгүн, 3-июлда Бишкекке “Авиатаффик Компани” авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Россиядан 186 кыргыз жараны кайтып келди, арасында жаш балдар да бар. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Башкы консулдукка келип түшкөн жарандардын арыздарынын кезектүүлүгүнүн ирети боюнча түзүлгөн. Алардын арасында 19 кош бойлуу аял, 10 бала, 57 студент, мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана башка категориядагы жарандар бар.
Бардык келген жарандар тиешелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ