17-21-ноябрь күндөрү Алматы шаарында өткөн “Шакен Айманов” эл аралык кинофестивалында Кыргыз эл артисти Акылбек Абдыкалыков “Эркектин мыкты ролун аткаргандыгы үчун” сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу киносынчы Гүльбара Төлөмүшова билдирди.
А. Абдыкалыков режиссёр Темир Бирназаров тарткан “Түнкү кырсык” тасмасында башкы ролду жараткан болчу. Кинофестивалда дал ошол ролу үчүн сыйлык алган. Кошумчалай кетсек, кинофестивалда “Мыкты фильм” сыйлыгын колумбиялык режиссёр Жонни Хендрикс Инестростун “Канделария” тасмасы жеңип алган.
А. Абдыкалыков Лос-Анжелесте өткөн Азия-Тынч океан киноакадемиясынын кинофестивалында да “Эркектин мыкты ролу” наамын жеңип алган болчу. Кошумчалай кетчү нерсе, актер “Азия Оскары” сыйлыгын тапшыруу аземине катышуу үчүн жакында Автсралиянын Брисбен шаарына учат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ