Menu

Нариман Түлеев: “Бүгүн Атамбаевди камаш керек, эртең президент Жээнбековду колдошубуз керек”

Бөлүшүү:

“Сельфи тууралу айтып берейин, Атамбаев менен бир самолетто учуп калдым, маңдай-тескей олтуруп калдым, анан өзү сүйлөшөлү деди сүйлөштүм, ушул курултайда айтылып жаткандардын баарын мен анын бетине эле айтып бердим, анан “акыры камаласың!” дедим. “Макул” деди, ушул камалганга да Атамбаев даяр экен”, – деп билдирди бүгүн, 24-ноябрда Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев Бишкекте өткөн элдик курултайда.

“Урматтуу кыргыз эли, биз “Ата-Журт” партиясы менен парламентке келгенде 2012-жылы Атамбаевге каршы турганбыз. Ошондуктан ал 18 кишиге кылмыш ишин козгоду, анын эң биринчиси болуп мен соттолуп кеттим. Бүгүн Атамбаевди камаш керек! Эртеңки ишти айтсам, мен Сооронбай Шариповичти тааныбайм, өмүрүмдө колун кармап көргөн эмесмин, бирок ошол киши кылган ишти ушул жерде олтургандардын бир кылат беле, билбейм. “Жээнбеков  досун сатып кетти” деп жатышат, бирок Жээнбеков кыргыз элин саткан жок. Досуна баш ийбей өз алдынча президент болгону үчүн биз Сооронбай Шариповичке баш ийишибиз керек… Мен Атамбаевге айттым, “Садырдын атасы менен менин атам сенин айыңан өлдү” деп, “ошолордун мүрзөсүнө барып, кечирим сурап, куран окутмайынча сени алар кечирбейт” деп. Бу жерде биз Сооронбай Жээнбековго 2019-жылга чейин убакыт берели деп жатышпайбы, ал аздык кылат, 2020-жылга чейин убакыт беришибиз керек, анан колдошубуз керек. Биз президент Жээнбековду колдошубуз керек! Мен ал киши менен тааныш эмесмин, андан бир нерсе сураган эмесмин жана сурабайм”, –  деди Нариман Түлеев.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: