Бүгүнкү күндө коомдук жана мамлекеттик белгилүү ишмерлер маданий иш-чараларга, театр, музейге караганда, той-топурга көп барат. Алсак, ушул айда шоу-бизнес өкүлү өткөргөн сүннөт той коомчулуктун талкуусун жаратты. Интернетке тараган тасмадан ал кечеге жоон топ бийлик өкүлдөрү барганын көрүүгө болот.
Белгилүү шоу-бизнес өкүлүнүн ушул айда Бишкекте башталып, Ошто уланып, Сүлүктү менен Лейлекте соңуна чыкмак болгон сүннөт тоюн чагылдырган сүрөт, видеолор интернет бетинен али да түшө элек. Бул коомчулуктун ар кандай реакциясын жаратканын көрүүгө болот. Айрыкча ага учурдагы бийликтин жоон топ өкүлдөрүнүн барганы элитанын, интеллигенцияңын вазийпасы жана орду тууралуу талкууларды жандантты.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ