Кыргыз болуп туруп, Кыргызстанда жашап туруп кыргыз тилин билбейм дегендер маданиятты талкалагандар. Мындай пикирин президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Эгемберди Эрматов Жалал-Абад шаарындагы филармонияда болгон жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, улутуна карабай ар бир жаран Кыргызстанда жашаган соң кыргыз тилин билүүсү зарыл. “Келерки жылы мамлекеттик бардык кызматкерлер кыргыз тили боюнча тест тапшырышат. Эгерде өзүнүн иштеген кызматына ылайык кыргыз тилинде тестте жооп бере албаса, ал кызматкер жумуштан чыгарылат. Ошондуктан тилибизди барктап, сыйлап, ыйык нерседей сакташыбыз керек, кыргызча сөздөргө орчундуу маани беришибиз керек, – дейт Э.Эрматов.
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов жана “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун президенти Нуржигит Кадырбеков менен студенттердин жолугушуусу Жалал-Абад шаардык жаштар комитети тарабынан уюштурулду жана жолугушууга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, студенттер катышышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ