Menu

Премьер-министр Кубатбек Боронов: Тез арада аймактарда дары-дармектердин запасын даярдоону күчөтүү зарыл

Бөлүшүү:

Өлкөнүн аймактарында медициналык каражаттар менен дары-дармектердин таңкыстыгы байкалууда тез арада алардын запасын даярдоону күчөтүү зарыл. Мындай тапшырманы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов тармактык мамлекеттик органдарга Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берди.

Премьер-министр белгилегендей, республиканын аймактары эпидемиологиялык кырдаалга даяр туруш үчүн бардык тараптан шарттар түзүлүш керек.

«Учурда өлкөдө дары-дармектердин таңкыстыгы байкалууда. Буга байланыштуу буга чейин медициналык каражаттардын запасын камсыз кылуу боюнча берилген тапшырманы аткарууну күчөтүү зарыл. Аймактарда дагы дары-дармектердин запасы даяр турсун. Ошол эле учурда медициналык каражаттардын баасынын негизгиз жогорулашын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү шарт. Ооруканалардагы реанимациялык блоктор дагы даярдалсын. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан сатылып алынган мобилдик кычкылтек концентраторлорунун кийинки партиясы өлкө аймактарына бөлүштүрүлүп берилет», – деди Кубатбек Боронов.

Ошондой эле Өкмөт башчы оор абалдагы бейтаптарга өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.

«Күндүзгү стационарлар, медициналык мекемелердин бардыгы бейтаптарды кабыл алып, жардам берилсин. Медициналык кароого муктаж жарандарды тез жардам кызматы аркылуу башка ооруканага жайгаштырууга көмөк көрсөтүлсүн. Оор абалда келген бейтаптардын бирин да артка кетирбей, жардам берилүүгө тийиш. Ошондуктан медициналык мекемелердин өз ара аракеттешүүсү тез арада жолго салынсын», – деп Кубатбек Боронов катуу талап койду.

Республикалык ыкчам штабдын жыйынын соңунда Премьер-министр Кубатбек Боронов башка мамлекеттерден алынып келип жаткан дары-дармек менен медициналык аппараттарды бажылык тариздөө иштерин тездетүүнү тапшырды. Муну менен катар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине Бишкек шаарындагы жана өлкө аймактарындагы ооруканалардын реанимациялык блокторун көбөйтүү милдеттендирилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: