Укук коргоо органдары Лас-Вегастагы эл аралык аэропорттун аймагына кирип келип, учактын канатына чыккан адамды кармашкандыгын NBC телеканалы аэропорттун кызматкерлерине шилтеме берүү менен билдирди.
Окуя жергиликтүү убакыт боюнча ишемби күнү түштөн кийин Аляска авиакомпаниясынын Орегон штатындагы Портленд шаарына учууга камынып жаткан учагы менен болгон. Белгисиз адам аэропорттун тосмосунан секирип, учактын канатына чыгып, канаттын учуна жетүүгө аракет кылган. Бир нече аракеттерден кийин ал канаттан жыгылып, андан кийин кармалган.
Аэропорттун өкүлү Джо Раджкелдин айтымында, адам медициналык мекемеге жөнөтүлгөн. Бийликтер ал психикалык ооруга чалдыккан болушу мүмкүн деп эсептешет. Окуядан кийин учак толук текшерүү үчүн кайра артка жөнөтүлдү, деп билдирди авиакомпания.
Un hombre entra en el aeropuerto de Las Vegas y se sube al ala de un #B737 de #AlaskaAirlines
Info: https://t.co/kvuZ37yK6R pic.twitter.com/btga0DJd7e
— On The Wings of Aviation (@OnAviation) December 13, 2020
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ