Menu

АКШ С-400 ракеталарын сатып алганы үчүн Түркияга санкция салды

Бөлүшүү:

Кошмо Штаттар Түркиянын коргонуу тармагынын жетекчилерине санкция салды. Бул тууралуу Reuters агенттиги АКШнын Каржы министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.

Мындай жол менен АКШ Түркияны Орусиядан абадан коргонуучу С-400 системаларын сатып алганы үчүн жазалоого ниеттенүүдө.

АКШ Вашингтондун Анкарага каршы колдонгон чарасы Түркиянын экономикасына таасир этүүгө тийиш деп эсептейт. Агенттик коронавирус пандемиясы ансыз да түрк экономикасын алсыратканын белгилеген.

Былтыр АКШ Түркия F-35 учактарына коркунуч жарата турган С-400 системаларын сатып алганын, эки система бири-бирине шайкеш келбей турганын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 82 = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: