Башкортостандагы Чишминск районундагы Дёме айылында аял тосмого тыгылып, каза болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аял тыгылгандан кийин, түнү бою ошол жерде туруп, тоңуп каза болгон. Жергиликтүү тургундардын айтымында, эшик караңгы болуп, аялды эч ким көргөн эмес.
«Башкортостан Республикасында Россиянын Тергөө комитетинин органдары тарабынан аялдын денеси табылгандан кийин, тергөө алдындагы текшерүү жүрүп жатат. Учурда окуя болгон жер каралып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды, окуянын күбөлөрү суралып жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмыштуу мүнөздөгү белгилер аныкталган эмес», – деп билдиришти тергөөчүлөр.
Белгилүү болгондой, аял өзү жашаган үйдү курчап турган тосмодо каза болгон. Маркум өзүнүн ачкычтарын унутуп, тосмодон ашып үйүнө барууну чечкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ