Menu

2020-жылкы парламенттик шайлоо “эң кымбат” шайлоо болот

Бөлүшүү:

Мындай пикирин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Бактыбек Калмаматов маегинде билдирди.

Анын баамында, алдыдагы парламенттик шайлоодо бир партиядан 20 млн. доллар коротулушу мүмкүн. Анткени, босого упай 9 дан түшпөйт. Аны түшүрүүгө азыркы парламенттин дарамети жетпейт. «Кыргызстандагы кландар, олигархтар акча берип парламентке келүүгө аракет жасайт. Хандын адилеттүүлүгү элдин калыстыгынан башталат. Эл 2020-жылы жакшы парламент шайлай алса, президенттин айткандары суу кечпейт. Ал номиналдуу фигура гана болуп калат.

Биз парламенттик башкаруу системасындабыз, бирок ал миссияны президент аткарып жатат. Башкача айтканда, ыйгарым укуктарыбызды бирөөнө берип коюп отуруп калдык. Парламентин бул кылганы туура эмес», – дейт, экс депутат Калмаматов.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − = 97

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: