Menu

Ренат Самудинов, КСДПчы: “Алексей Василивецский деген Россиянын жараны 2010-жылдан бери Ак үйдүн 7-кабатында КСДПнын шайлоолордогу идеологиясын аныктап келет”

Бөлүшүү:

КСДПнын жаштар канатынын лидери Ренат Самудиновдун facebook социалдык тармагындагы посту:

“Төмөндө жүктөгөн сүрөттөрдүн бирин карасаңыздар орусиянын жараны Алексей Василивецский стратегиялык имарат болгон Ак-Үйдүн чатырында жүрөт. Ал жака кантип улуксаат алды? Жада калса оңой менен кыргыздын жарандарына да ал жакка чыгууга улуксаат берилбейт да.

Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат.

Мен партияга келгени КСДП партиясын күчтүү саясий институтка айлантам деген максатта иштеп келем. Себеби: күчтүү партия, б.а. күчтүү саясий институт болсо ал сааттай иштеп эффективдүү парламентти жаратат. Күчтүү парламент болсо күчтүү мамлекет болот да. Мен партияда бир лидер үчүн эмес, партиянын идеясын жайылтам деп иштеп келем. 2010-жылы КСДП бийликке келгени биздин катарга ар кандай адамдар кирди, жада калса кээ бир биздин арабызда жүргөн идеялаш партиялаштар туура эмес иштерге аралашып, партиянын аброюна шек келтирип келди. Ошондой жаман абройдон айрылалы деп “КСДП партиясынын ички коррупцияга каршы комиссиясын” түзүп иш алып барып, бир топ туура эмес ишке аралашкан коррупциялык схемаларды ачыктадык. Ар бир алып чыккан ишимден мени жаман аттуу кылам деп ар кандай ушак таратып келишет.
Акыркы учурда мени көп ойлондурган маселе – биздин эгемендүүлүктү бекемдөө маселеси болуп келет. Эмне себептен биз өзүбүздүн тагдырды өзүбүз чечпей, бизди башка мамлекеттин жарандары башкарып келет?! Биз кандай саясат жүргүзүшүбүз керек экенин, кайсы долбоор жарайт кайсы жарабайт, ким жарайт ким жарабайт деген маселелерде чет өлкөнүн жарандары катышканы мени тынчсыздандырат. Мисалы: партиянын лидерлери менен жакшы мамиледе болуп, партиянын ички жана тышкы саясатына таасир берип келген Орусиянын жараны Алексей Василивецский. Бул адам аркандай передачаларды даярдап, китептерди, брошюраларды жазып идеологиялык жактан элдин аң сезимине таасир берип келет. Тарыхий передачаларды жасап жүрөт. Тарыхты чагылдыруу абдан жоопкерчиликтүү маселе болгондуктан чет өлкөнүн жарандарына мындай мүмкүнчүлүк берүүдө кылдат болуш керек. Дагы бир ойлондурган маселе – акыркы убакта партия 2-3 бөлүнүп, ынтымак ыдырап баратканы. Мүмкүн ушул А. Василивецский ФСБнын жашыруун тыңчысы болуп диверсиялык иш алып жаткан болсочу? Атайын партиянын ичинен ынтымакты ыдыратып жатат го деген суроо туулат.
Жыйынтыктап айтканда: Бул адам 2010-жылдан бери ар бир шайлоодо партиянын идеологиялык багытын аныктоочу адамдардын бири болуп келет. Шайлоодон кийин ар кандай телепередачалардын, китептердин идеологиялык редактору болуп алектенип Орусиянын саясатын, мүмкүн, жүргүзүп келет? Андай эмес деп эч ким кепилдик бере албайт. 7 жылдан бери Ак үйдүн жетинчи кабатында эле жүргөнүн билем. Жада калса ошол жерде мени менен жолугуп, биз партияны тазалоо программасын көтөрүп чыкканда баа берип, жокко чыгарганга аракет кылган. Президенттин жакындарынын бири бул адам менен ар дайым кеңешип иш алып барат. Мындай тыңчылар көп болушу мүмкүн.”

Ренат Самудинов

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: