Menu

Капар Баатырканов генералдыкты мелжеп, ИИМге келишти самоодобу?

Бөлүшүү:

 

13-ноябрда ИИМдин транспорт башкы башкармалыгынын башчысы Капар Баа-тырканов 55 жашты багынтты. Куттук-тайбыз! Аныгында мыйзам алкагы ме-нен караган күндө деле 55 жашка чык-кан полковникти күн өткөрбөй эртеси ИИМдин өздүк курамы жонуна чепкен жаап, башына Бакай калпактан баса Ь кийгизип, көчүккө тепкендей пенсияга куушат. А Капарыңар туулган күнүнөн соң көнгөн айлакерлигине сала дароо эм-гек өргүүсүнө чыга качканы кандай? А ка-рапайым, жогору жакта жөлөк-таягы жок пол-ковниктерди 55 жашка чыккандын эртеси ит куугандай ИИМ системасынан кууп чыгышат. А Капарчы? Ушул күндөрү ИИМ-дин орун басарлыгына (Курсан Асановдун ордуна) же коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басарлыгына келүүгө даярданып жатканы, тармактан ге-нералдыкты алмайын кетпесин кыйытып жүргөнү чынбы? Кызык, бийлик Капар Баатыркановго кайсы эмгеги үчүн генералдыкты же орун басарлыкты ыроолошу керек? Былтыр президенттик шайлоодо Жээнбековдун Чүй облу-су боюнча штабын жетектеп, жеңишти Өмүрбек Бабановго алдырып ийгени үчүн жогору жакка жутунуп жатабы? Бу МЕНТтериңде уят, морал, “кайсы бетим менен” деген түшүнүктөр жокпу?

Ийгилик Болсунбаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: