Menu

Алмазбек Акматов, депутат: Сооронбай Шариповичти жалпыбыз колдошубуз керек

Бөлүшүү:

—Алмазбек Жумабекович, туулган жердин топурагы алтын дейт, өнгөн-өскөн жериңиз жана балачак боюнча кеп баштасак…

—Туулган жер – ар бир адам үчун алтын бешик. Мен Ак-Талаа районундагы Дөрбөлжүн айылында төрөлгөм. Атам Алматыдан окуу жайды бүтүп келип, Дөрбөлжүндө милициянын жаш лейтенанты болуп иштеп баштаган экен. Биз ошол жерде көп жыл жашадык. Түпкү жерибиз Нарын районунун Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн Кара-Чий деген айылы. Чоң атам Акмат Кара-Чийде жашаган. Азыр туугандарыбыз бар. Туулган жерим Дөрбөлжүн, атамдын конушу Кара-Чий дагы кыргыздын эң бир кооз жерлеринен. Балачактан аскер кызматкери, офицер болом деп кыялданып жүрүп, мектепти бүтөрүм менен Новосибирскидеги Жогорку саясий аскердик окуу жайына тапшырдым. 3-курста КПССтин катарына өтүп, 19 жашымда партиянын мүчөсү болдум. Окуу жайды 198о-жылы бүтүп, Өзбекстандын Кашкадарыя облусунун Карши шаарындагы Ханабад аэродромундажайгашкан аскер аба күчтөрүндө жаш лейтенант болуп ишимди баштагам. Чөлдө жайгашкан, аба ырайы татаал, кумдун арасындагы абдан ысык жер. Кийин Токмокко которулуп, андан соң Түркмөнстанда Марыга кеттим. Эң кыйын, татаал жерлерде жүрдүм. 1991-жылы Совет мамлекети ураганда Союздун эң алыскы точкасы болгон Түркмөнстандын Кушкасында элем. Мыйзамга ылайык ошол жерден Түркмөнстандын жарандыгын алып, ант бергин дешти. Андайга бара алган жокмун, аргасыздан арызымды жазып бошоп, Фрунзеге (Бишкекке) баса бердим. Ошончо жыл иштеп, кызматка көнүп калган кишиге кыйын экен. Оор күндөр башка түштү. Базар экономикасы жаңы оаштал-ган маалда жашоону кайра башынан баштоого туура келди. Чакан ишкана ачып жеке ишкерчиликти баштадым. Өзүмдүн бир туугандарымды ишке тарттым. Чет мамлекеттер менен, анын ичинде Кытай менен иштедик. Кудай колдоп чакан ишканабызды чоңго айландырганга жетиштик. Заводдорду ачтык. Чоң бизнести уюштурдук. Инилеримди, күйөө балдарды жумуш менен камсыздадым. Бир туугандарды көтөрдүк.

—Кызматка качан келдиңиз?

—Бизнести ордуна койгондон кийин туугандарыма калтырып, мамлекетке кызмат кылуу үчүн Мамлекеттик Мергенчилик ресурстарды көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын (Главохота) башчысы болдум. Чакан министрлик сыяктуу ар бир облуста өкүлчүлүгү бар эле. Чет мамлекеттик мергенчилер менен иштедик. Ал жерден жакшы жыйынтыктарды көрсөткөндүн натыйжасында президенттик иш-башкармачылыгынын орун басары болуп кеттим.

—Сөзүңүзгө аралжы, Бакиевдин кадры деген кептер качан жабышты?

—Айрым учурда «Бакиевдин кадры, Жаныштын досу» деген сындуу кара пиарлар жазылып жүрөт. Ошол орун басар болуп иштеп турганда премьер-министр болуп иштеген Курманбек Бакиев менен таанышып, жакшы мамиледе иштешип жүрдүк. Кийин ал кишини кетирди. Ал киши мага жакшы иштеген адам катары көрүнгөн. Ошондуктан кызматтан кеткенден кийин катышып жүрдүм, колдодум. 2005-жылы революция болду. Акаевдин доору бүттү, эми адилеттүүлүк орнойт деп көпчүлүк менен бирге сүйүндүм. Революциядан кийин Курманбек Салиевич мени иш-башкармачылыгына жетекчи кылды. Бирок, Бакиев менен 8-9 ай гана иштедим. Ошо ал кишини туура эмес жолго түртүп жатканын көрдүм. Токтотконго аракет кылдык. Тилекке каршы, менин көз карашым, позициям булардын командасына туура келген жок. Кээ бири менен кер-мур айтыштык, акыры кетиришти. Кетиргенден кийин аябай катуу текшеришти. Менин таза иштегеним сактап калды. Негизи мен казынага кол салган киши эмесмин. Өзүмө жетер оокатым бар. Кыскасы, Бакиев менен иштеше алган жокмун. Анын кадры деген сөздөр суу кечпейт.

—Кийин Эсеп палатасында иштегениңизчи?

—Ал Бакиевдердин «заслугасы» эмес. Бош жүргөнүмө эки жылдай болуп калганда Искендер Гаипкулов Эсеп палатасына чакырды. Бул киши менен 26 жылдан бери доспуз. Бул киши да көп кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. Терең билими, тунук акылы менен ийгиликтерге жетти. Көп кызматтарда иштеп, адилетсиздиктин айынан жумуштан түштү. Бирок бирге келе жатабыз. Үй-бүлөлүк катышыбыз бар. Мен абдан сыйлайм. Элибиз бириксин, эч качан түндүк-түштук болуп бөлүнбөсүн, достугубуз мындан ары да чыңдалсын деген максатта балама өкүл ата кылдым. Айтор, Искендер Төрөбаевич иштеп бериңиз деди. Далай киши акчасын көтөрүп киргенине карабай мени сунуштады. Көзөмөлдөөчү органда иштей албаймын го деп үч күндөй ойлонуп жатып анан келгем, бир нече жыл Бишкек-Чүй-Таласты жетектеп бердим. Ал киши кеткенден кийин Эсептөө палатасынын эки жетекчиси Ашыров, Молдокулов менен жакшы иштедим. Эки президенттин, Отунбаева менен Атамбаевдин мезгилинде кызматымды ийгиликтүү аркаладым. Көрсө, ишиңди так аткарсаң эч кандай маселе жок экен.

—Кеткениңизге эмне себеп болду?

—Катуу оорудан улам кеттим. Туруп-туруп эле сүйлөй албай калдым. Жумушту тапшырганга туура келди. Элмира Ибраимовага эки жолу арыз жаздым. «Иштеп бериңиз» деп өтүндү, бирок ооруганыма байланыштуу өз арызым менен кеттим. Эч кимиси менен өйдө-төмөн айтышкан жокмун. Бир нече жыл дарыландым. Орууга диагноз койсо жакшы экен, керектүү дарыларды аласың. Мага диагноз коюлган жок. Төрт жылдай азабын тарттым. Кичине дурус болуп калганда саясатка аралашайын, тажрыйбамды бөлүшүп, мамлекеттин өнүгүшүнө салымымды кошоюн деген максатта шайлоого катыштым. «Бир-Бол» партиясынан депутат болуп, үч жылдан бери иштеп жатабыз. Азыр мектеп маселесин, айыл-чарба, кооператив, жер маселесин, агрардык комитетте экология маселесин көтөрүп жатабыз. Парламентте айтып, өкмөт-кө талап коюп Кара-Чий айы-лына жаңы мектепти чечтик. Айылга көңүл бурушубуз керек. Анткени, маданият иш-мерлери, жазуучулар, таланттуулар бүт айылдан чыгат.

—Сизди ушул ийгиликке эмнелер жеткирди?

—Менин ийгиликке ата-энемдин тарбиясы, анан аскер окуу жайынан алган билимим, окуу жайдын темирдей катуу тартиби жеткирди. Башка окуу жайларда күн сайын үйүңө барасың, же жатаканада жатасың. Каалаган убакта тамак жейсиң. Ал эми аскердик окуу жайда саат бда туруп көнүгүүлөр менен баштайсың, каз катар тизилип тамакка барасың, кечке чейин темирдей тартип. Дем алыш күнү да эс албайсың. Спорттук майрам дейт, кечке чуркайсың. Вагон түшүрөсүң же кар тазалайсың. Ошол тартип чыдамкайлык менен жоопкерчиликке үйрөттү. Чоң турмуштук сабак алдым.

—«Ата аскалуу зоо, эне боорундагы булак» деген сөз бар, үй-бүлө тууралуу айта кетссниз?

—Жогоруда айткандай мени чоң ийгиликке ата-энемдин тарбиясы жеткирди. Мен абдан ыраазымын. Өкүнгөнүм, атам жаңы бутума туруп өз алдынча бизнес кылып жатканда көзү өтүп кетти. Апам жаныбызда. Өзү Таластын кызы болот. Бакай-Ата районунан. Медициналык окуу жайын бүтүп, аяш атасы Корчубек Акназаров 1-секретарь болуп иштеп турганда жанына келип практика өтүп жаткан жерде атам менен таанышып баш кошкон экен. Үч уул, бир кызды чоңойтушту. Бизди ынтымактуу кылып тарбиялашты. Азыр неберелүү болсок да ынтымагыбыз бекем. Үйүбүздүн куту апам. Медицина тармагында көп жыл иштеген. Небереси, чөбөрөлөрү бар. Биздин ийгиликти, жетишкендикти көрүп, төрүбүздүн көркүболуп көп жашасын деп тилейм. Менин беш балам, беш неберем бар. Эки уулум Москвада окуу жайды бүттү, кичүүсү МГУда окуп жатат, кызым мектепте. Неберенин алды 8ге чыкты.

—«Вазир жакшы – хан жакшы, аял жакшы – эр жакшы» дегендей жеңебиз жана кайын журт тууралуу да айта кетсеңиз?

—Жеңеңер Чаткалдан болот. Колума кол, бутка бут болду. Менин ушундай деңгээлге жеткениме эмгеги чоң. Эртеден кечке жумуштамын, балдар жеңеңдин тарбиясында өстү. Кудайым баарыбызга ден соолук берсин. Кудайым аман койсо тажрыйбабызды беребиз деп ойлойм. Сөзүмдүн аягында Президентибиз Сооронбай Шариповичти 60 жашка толушу менен куттуктап кетейин. Баштаган ишинин аягына чыгышына тилектешмин. Баары дароо боло койбойт, убакыт керек. Үй-бүлөдөгү мамилени оңдош үчүн да кеминде бир жыл убакыт керек, анан мамлекет деген оңой нерсе эмес. Көп ишти баштады. Жемкорлукка каршы күрөш жакшы жүрүп жатат. Өзү канча жылдан бери саясатта жүрөт. Таза киши. Коррупцияга же башка нерсеге аралашкан эмэс. Ишеним чоң. Жардам беришибиз керек.

Зулпукаар Сапанов

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 98

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: