Бүгүн, 19-декабрда Матраимовдордун үч басылмага жана журналист Али Токтакуновго карата жазган арызы жабык эшик артында Свердлов райондук сотунда каралып, соттук отурум 2020-жылдын 20-январына жылдырылды.
Эске сала кетсек, 9-декабрда Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун жана анын кабарчысы Али Токтакуновду, «Kloop.kg», 24.kg сайттарын «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» үчүн деген жүйө менен сотко берип, моралдык чыгым өндүрүүнү талап кылып, 60 миллион сомго доого жыккан. Ошол арыздын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койгон. Кийинчерээк Матраимовдордун адвокатынын арызынын негизинде эсептер кайра камактан чыгарылган.
Булак: “KyrgyzToday”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ