Бүгүн, 8-мартта саат 12:00дө Бишкектин Жеңиш аянтындагы “Өчпөс оттун” алдында башталып жаткан Феминисттик жүрүшкө (оппоненттери “гей-парад” аташууда) “Кырк чоро” коомдук уюмунун активисттери ак калпакчан, медициналык беткапчан келип кол салышып, кууп-таратышты.
“Кырк чоронун” активисттеринин арасында аялдар да болгон. Алар гей-параддын катышуучуларын көчүккө тээп, плакаттарын жулуп алып, айрып,өздөрүн аянттан кубалашты. Ошол мезгилде жетип келген милицияны көрүшкөн “Кырк чорочулар” качып кетишкен. Ал эми милиция феминисттик жүрүштүн катышуучуларын кармап, Бишкектин Свердлов райондук милициясына алып кеткен.
Феминисттик жүрүш “Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы” өтөрүн кечээ уюштуруучулар билдиришкен.
Ал эми “Кырк чоро” коомдук уюмунун лидери Замир Көчөрбаев кечээ өзүнүн тарапкерлерин бул жүрүшкө каршы турууга чакырган. Бүгүн Замир Көчөрбаев милиция аянттан кеткенден кийин келип, анын чоролору бул ишке аралашпаганын билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ