Ысык-Көлдө Дүпөн Дербишевдин жаркын элесине арналган шахмат оюну боюнча эл аралык мелдеш аяктады. Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия жана Тажикстан мамлекеттеринен мен-мен деген мыкты шахматчылар келген эле. Арасында жаңыдан такшалып келаткан жаштар болуп 5 курак боюнча мелдеш жүрүп, оюн швейцар таризинде (9 тур) өттү. Кыргызстандын намысын коргоп, турнирдин жеңүүчүсү аталгандардан экөө болду. Чоңдор арасында Руслан Съездбеков 9 оюндан 7,5 упайы менен 12 жаштагылар арасында Таалайбек Жайнаков 8 упайы менен. Айжан Съездбекова өзү теңдүүлөр арасында 4-орунду жана Арзыбек Съездбеков коло медалды багынтты.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ