Menu

2018-жылы «e-VISA» кызмат көрсөтүүсүн өлкө аймагына кирүү үчүн 27 900дөн ашык чет өлкөлүк жаран пайдаланган

Бөлүшүү:

«Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторунда «e-Gates» чек ара контролунун автоматташтырылган системасы» («электрондук дарбаза» контактсыз өткөрүү системасы) ишкекиргизилген.

Бул система учуп келген жарандардын ыңгайлуулук деңгээлин жогорулатууга, аба өткөрүүпункттарынын өткөрүү жөндөмүн көбөйтүүгө, контролер менен жүргүнчүнүн байланышынболтурбоо жолу менен коррупциялык опурталды минималдаштырууга, келген жарандардыэсепке алуу системасын жакшыртууга, ошондой эле ата мекендик электрондук биометрикалыкпаспорттордун мүмкүнчүлүгүн пайдаланууга мүмкүндүк берет.

2018-жылы «e-Gates» («электрондук дарбаза» контактсыз өткөрүү системасы) контролдоосунункызмат көрсөтүүсүн Кыргыз Республикасына кирүүдө 2017-жылдын үлгүсүндөгү электрондукбиометрикалык паспорттордун (e-ID) ээлери болгон Кыргыз Республикасынын 9 300дөн ашыкжараны пайдаланган.

Кыргыз Республикасынын визаларын алуу жол-жоболорун жеңилдетүү максатында «e-VISA»электрондук виза порталы ишке киргизилген, ал Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгүмекемесине барбастан эле кыска мөөнөттүү виза алууга мүмкүндүк берет. Электрондук визавизага демейдеги арызга караганда көп маалыматты талап кылбайт жана паспорттогудемейдеги виза катары эле Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү үчүн ошол эле укукту кепилдикке алат.

2018-жылы «e-VISA» кызмат көрсөтүүсүн Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү үчүн 27 900дөн ашык чет өлкөлүк жаран пайдаланган.

Кыргыз Республикасынын 38 чет өлкөдөгү мекемесинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүнмөөнөтүн олуттуу кыскартууга жана сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү «Паспорт»,«ЖААК», «Жарандык» автоматташтырылган маалымат системасы орнотулган жана пайдалануугакиргизилген.

2018-жылы Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринде «Паспорт»автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу 8405 жалпы жарандык паспортдаярдалган, «ЖААК» автоматташтырылган маалымат системасында 799 жарандык абалдынактыларын жазуу катталган, «Жарандык» автоматташтырылган маалымат системасында Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу боюнча 33 арыз таризделген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: