Menu

“Дордой” базарынын түзүлгөнүнө 25 жыл толду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Олег Панкратов бүгүн, 5-декабрда, «Дордой» Ассоциациясын түзүлгөндүгүнө 25 жыл толгондугуна байланыштуу салтанаттуу иш-чарага катышты.

Олег Панкратов Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин куттуктоосун окуду, анда төмөндөгүдөй атйылат:

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан “Дордой” ассоциациясынын  түзүлгөнүнө 25 жыл толушу менен куттуктайм!

Көптөгөн жылдардан бери соода тармагы өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсү үчүн негизги локомотивдеринен болуп саналат. Мунун ичинде “Дордой” ассоциациясы ата мекендик бизнестин көрүнүктүү өкүлү катары негизги позицияны ээлеп турат. “Дордой” – Кыргызстанда соода-логистикалык жайды түзүү менен Борбордук Азиядагы ири базар. Сиздер жүз миңдеген адамдарды жумуш орду менен камсыз кылып, мамлекеттин бюджетине олуттуу салыктык чегерүүлөрдү которуп жатасыздар.

Сиздердин талыкпай иштегениңиздердин натыйжасында Кыргызстандын базарларында жакшы өзгөрүүлөр болууда: соода тейлөөсүнүн аймагы, товарлардын ассортименти жана сатуу аймагынын географиясы кеңейүүдө, соода процесстерин уюштуруу өркүндөтүлүүдө.

Өлкөнүн Евразия экономикалык бирлигине кириши менен “Дордой” ассоциациясынын алдында соода-экономикалык иштерди кеңейтүүнүн кеңири келечектери ачылууда. Сиздер мурда эле рынок экономикасынын реалийлерине көнүп кетүүнү ийгиликтүү көрсөтө алгансыздар. Азыркы учурда да Сиздер региондогу өзүңүздөрдүн абалыңыздарды мындан ары дагы бекем чыңдай аласыздар деп ишенем.

Баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай, жаңы кесиптик жетишкендиктерди, экономикалык туруктуулукту жана өнүп-өсүүнү каалайм», – деп айтылат Премьер-министрдин куттуктоосунда.

Ошондой эле Вице-премьер-министр Олег Панкратов “Дордой” ассоциациясынын кызматкерлерине өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкондугу жана ак ниет эмгеги үчүн бир катар өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды:

– Майрамкүл Жаманбаева – “Дордой” ассоциациясынын «Аламүдүн базары» ЖЧК башкы бухгалтери;

– Шалтакова Гүлбү – Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун кайрадан даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу лазердик медицина циклинин башчысы.

Премьер-министрдин ысмы жазылган саат менен «Мурас-спорт» ЖЧК иш өндүрүшчүсү Эркинбек Жусупов сыйланды.

Төмөнкүлөргө Премьер-министрдин атынан алкыш жарыяланды:

– Пресыпкина Наталья – “Дордой” ассоциациясынын «Кыргызмебель» ААК № 4-цехинин мастери;

– Катибов Расулжан – “Дордой” ассоциациясынын «Кыргызмебель» ААК башкы директорунун орун басары;

– Халимов Мурат – “Дордой” ассоциациясынын «Мурас-спорт» ЖЧК цехинин начальниги;

– Адучуева Асылбүбү – «Дордой плаза» соода комплексинин директору.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: