Россиянын борбору Москва шаарында жана Москва облусунда кыргыз диаспоралары тарабынан уюштурулган улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган иш-чаралардын цикли уланууда. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жазуучунун 90 жылдык мааракесин Москва жергесинде кыргыз диаспорасы тарабынан өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын бири жума сайын Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча жазылган көркөм тасмаларды элге тартуулоо болуп саналат.
Үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрында Элчиликтин кызматкерлери Ч.Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романы боюнча тартылган көркөм тасманы көрүүгө катышты. Кезектеги бул иш-чараны Москвадагы “Жалал-Абад” кыргыз диаспоралык коомдук уюму кыргызстандык жарандар, жаш ишкерлер тарабынан ачылган “Манас” кино залында уюштурушту.
Көркөм тасманын көрүүнүн алдында Жалал-Абад облусунун жаратылыш кооздугу, имараттары жана облус аймагынан чыккан көрүнүктүү инсандар чагылдырылган видеролик тартууланды.
Тасманы көрсөтүү иш-чарасында чыгып сүйлөгөңдөр Ч.Айматовдун адам катары улуулугун, жазуучу катары жеке өзгөчөлүгүн, жана азыркы дүйнөлүк коомчулук жазуучуну дүйнөлүк классикалык жаратмандардын катарында карай тургандыгын белгилешти. Кезектеги тасма көрсөтүү иш-чарасынын уюштуруучулары-“Жалал-Абад” кыргыз диаспоралык коомдук уюмунун жамаатына Элчилик тарабынан ыраазычылык билдирүү менен бирге Москва шаарынын сүрөтчүлөрү тарабынан Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде түзүлгөн литографияларды альбом белек катарында тапшырылды.
Мындан маданий-гуманитардык иш-чараны өткөрүү Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесинин алкагында даярдалып, өткөрүлүү менен, жалпы мекендештерди биримдикке, ынтымакка чакыруучу азыркы кездеги зарыл иш-чара экендиги да белгиленди.
Кийинки жумада көркөм тасма көрсөтүү менен, Ч.Айтматовду эскерүү кечесин өткөрүү кезеги Чүй облусунун өкүлдөрүнө ыйгарылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ