Menu

Фотобаян – Кочкор-Ата шаарында жаңы курулган милициянын аймактык пункту менен ФАП ачылды

Бөлүшүү:

Кочкор-Ата шаарындагы Луговая участкасында шаардык милиция бөлүмүнүн жаңы аймактык пункту жана шаардагы №17 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жаңы филиалы бүткөрүлүп пайдаланууга берилди. Шаардагы милициянын аймактык пункту менен ФАПтын филиалын үч айга жетпеген мөөнөттүн ичинде Кочкор-Ата шаарындагы Тариел Талиев жетектеген “Асуэнда” ЖЧКсынын куруучулары сапаттуу бүткөрүүгө жетишти. Бышык кыштан салынган бул заманбап имаратты бүткөрүүгө 1 млн. 900 миң сом каражат жумшалды. Кочкор-Ата шаарынын жалпы коомчулугу менен мекеме-ишканалардын жетекчилери ашар ыкмасында имаратты бүткөрүүгө ар тараптуу салымдарын кошушту.

-Мамлекет тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу жана жасалган кылмыштардын бетин ачуу  маселесине катуу көңүл бурулуп келе жатат. Былтыркы жылы милициянын 68 таяныч пунктары ачылды. Элибиздин бейпил турмушун камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы багытталган иш-аракеттер мындан ары дагы күч алдырылат,- деди өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.

-Милиция кызматкерлери үчүн элдин ишенимине ээ болуудан артык нерсе жок. Милиция менен эл эриш-аркак тыгыз иш алып барганда гана коомдук тартип камсыз кылынат жана кылмыштуулуктун саны азаят. Ошондуктан биз милиция кызматкерлери элге таянуу менен кылмыштуулуктун алдын алышыбыз керек. Эгерде кылмыштуулук жүз берсе биз аны тез арада ачууга жетишүүбүз керек. Ал эми бүгүнкү милициянын аймактык пунктунун жана ФАПтын жаңы имаратынын ачылышы мамлекет тарабынан элибизге көрүлүп жаткан камкордуктун айкын бир көрүнүшү,- деди КРнын ИИМнин орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов.

Милициянын жаңы аймактык пункту менен ФАПтын имаратынын ачылыш аземине арналган салтанатта “Кочкор-Ата айыл курулуш” АККнун  жетекчиси Тариел Талиевге жана Кочкор-Ата шаарынын мэри Кубанычбек Эгембердиевге Кыргыз милициясынын уюшулгандыгынын 90 жылдык төш белгиси тапшырылды. Мындан сырткары бир катар куруучулар жана Кочкор-Ата шаардык милиция бөлүмүнүн  кызматкерлери Жалал-Абад ОИИБнин Ардак грамотасы жана Алкыштары менен сыйланышты.

Кочкор-Ата шаарында ачылган жаңы аймактык пунктунда милициянын капитаны Нурбек Мажитов дагы бир кесиптеши менен ушул жерде иш алып барат. Милициянын аймактык пункту жайгашкан Кочкор-Ата шаардык №15 административдик аймагында 8715 адам же 2126  кожолук калк жашайт. Мунун ичинен 76 адам атайын каттоодо турат.

Шаардагы №17 ҮДТнун филиалы катары ишин баштап жаткан ФАПта адистиги терапевт дарыгер Алым Тойчиев, медайым Гүлнара Абдымомунова жана медайым кызматкер Карамат Касимова ушул аймактагы калктын ден соолугун коргоо жаатында иш алып барышат. Жаңы ачылган ФАПтын ак халатчан кызматкерлери 2500дөн ашуун ар кыл жаштагы жана улуттагы калктын ден соолугун коргоо жаатында иш алып барышат.

Бүгүнкү  күндө Кочкор-Ата шаарында 30 миңден ашуун көп улуттуу калк жашайт. Кыргызстандагы нефти менен газ өндүрүп чыгаруунун борбору менен очогу болуп саналган “Кыргызнефтегаз” ААКсы дагы Кочкор-Ата шаарында жайгашкан.

   Жолдошбай Осмонов, журналист

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: