Кыргызстандын жараны мыйзамсыз жол менен Орусия аркылуу Европа Биримдигине өтүп бараткан жеринен кармалган. Бул тууралуу орус басылмалары билдирген.
Маалыматка караганда, Орусиянын Псков облусунда ФСБнын чек ара кызматкерлери Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандарын кармаган.
Кармалгандардн айтымында, алар адегенде Орусияга иштегени келишкен, бирок кийин Европага жумуш издеп кетүүнү көздөшкөн.
Алар иштин чоо-жайы толук иликтенгенге жана процессуалдык чечим кабыл алынганга чейин 48 саатка камакка алынган.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ