Бишкек шаарынан К.П аттуу кыз “Хонда Фит” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу аны унаадан зордуктоого аракет кылганы үчүн Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Бул арыздын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 28-129-беренелери менен кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү учурда убактылуу кармоочу жайда.
Жакында социалдык тармактарда “Хонда Фит” үлгүсүндөгү автоунаадан кыйкырган кыздын үнү чыккан видео тараган. Видео күбөлөр тарабынан тартылган.
Кийинчерээк милиция кызматкерлерине “кыз автоунаадан чыгууга аракет кылган” деп кабарлашкан. Кылмышка шектүү 1969-жылы туулган Б.Ч аттуу жаран болуп чыкты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ