Алмазбек Атамбаевдин бийлик режими өзүнүн оппоненттери эсептелген бир топ саясатчыларды ар кандай жол менен соттотуп, темир тор артына тыккан. А.Атамбаевдин жеке көрсөтмөсү менен куугунтукталып, азырга чейин абакта жаткандардын бири – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Мекенчил” партиясынын лидери Садыр Жапаров. Коомчулукта С.Жапаров – абийир туткуну, ак жеринен камалган деген пикир үстөмдүк кылат.
Акыркы күндөрү ал жакын арада акталып, эркиндикке чыгышы мүмкүн дегендей кептер айтыла баштады. “Мекенчил” партиясынын тең төрагасы, жаш саясатчы Мелис Аспеков “KyrgyzTodayге” өздөрүнүн лидери С.Жапаровдун камалышынын себеби жана акталышынын негизи тууралуу айтып берди.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ