Menu

Ирина Карамушкина, КСДП депутаты: Атамбаевди айыптоого эч кандай негиз жок

Бөлүшүү:

Өкмөттүн аппаратынын Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Ашырбек Темирбаевге пенсияга кетесизби деп айтышты. Бул тууралуу пленардык жыйында Камчыбек Жолдошбаев билдирди.

– Биз бул жерде Ашырбек Мойдуновичке сүйлөп эле атабыз, чамасы ал укпайт окшойт, – деп белгиледи эл өкүлү. – Мен ага канча суроо берсем деле, ал жооп бербейт. Мүмкүн аны пенсияга кетирсек кандай болот? Болбосо премьерди телевизордон көрүп алып эле жакшы иштеп атат дей берет экенсиңер. Бирок ал жерде баарын көрсңтпөйт да. Биздин маалыматтарды да текшерип коюшса болмок. Балким биз отуруп алып калп айтып жаткандырбыз. Микоян деген болгон, Ленинден баштап Брежневге чейин иштеген. Ошого окшобогула. Биздин өкмөттүн мүчөсү болгула.

Өз кезегинде Темирбаев депутатка ишиндеги каталарын айтканы үчүн ыраазычылык билдирди.
– Рахмат, мен сиздин эскертүүлөрүңүздү кабыл алам, ал эми кулагымды болсо дарылатам.

Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев өкмөттүн Жогорку Кеңештин өкүлү Ашырбек Темирбаев тууралуу сөз кылды.

“Ашырбек Мойдунович Медеткан Шеримкуловдун убагынан бери иштеп келүүдө. 30 премьер-министр алмашты, бул киши дагы деле иштеп жатат. Кулагы дагы жакшы укпай калганбы? Баягы күнү сөз айтсак, ал “мындай болуптур, тигиндей болуптур” деп жатат.

Ашырбек Мойлдунович, укпай калсаныз башка жакка жылыш керек. Өкмөттүн өкүлү депутаттардын сөзүн тактап жеткириш керек. Премьер-министрдин иши көп, кемчиликтери дагы жок эмес. Депутаттар айткан маселелерди такташыңыз зарыл. Андай иштебесеңиз ордуңузду бошотуңуз шарт”, – деди депутат.

Ашырбек Темирбаев депутат тарабынан айтылган сындарды жоюуга аракет кыларын убадалады. “Сиз айткан жетишпеген жактарымды жоём. Кулакты дарылайын. Экөөбүз дос болуп жүрөбүз, бир куракта жашап жатабыз. Сизге таарынбайм, урматтайм”, – деп жооп берди Темирбаев.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 23 = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: