ЖК депутаты Элвира Сурабалдиева «саясаттын арты менен жакшы көрүнөм, жаман көрүнөм» деген эски сая-саятчылар али көп. Биз муну токтотуп, экономикага көңүл бурушубуз керек. Саясаттагы пикир келишпестик оюндар болгону үчүн артта калып жатабыз. Ошондуктан жаш саясатчы катары эски саясатчыларга кайрылып, суранам: 25 жылдан бери мамлекетти башкарып келишти. Эми алардын милдети жаш саясатчыларга жол көрсөтүү. Өнүккөн өлкөдөгү саясатчылардын баркы бар. Ошондой эле алар чоң иш-чараларга кеңешчи болушат. Ал эми биздикилер «жакшы көрүнүп сүйлөсөм, жакшы бир кызматка ээ болуп калам» деген ой менен жашап жатышат. Бийликке жагынып, жеке кызыкчылыкгы көздөп жашабай, мамлекеттин эртеңки келечегин ойлойлу» деди.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ