… Болуп өткөн Курултайдагы алынган чечимдерди майдалай берсек, ар бир пунктунда, (керек болсо андагы ар бир сүйлөмүндө) ап-ачык эле саясий «соодалашуу» болгону оркойду.
Курултай! Түпкүлүгүндө мааниси терең, улуттун уңгулуу көрөңгөлөрүнүн бири! А, мына бу өткөн «Курултай» каратып туруп эле ошол улуу түшүнүктү «зордуктап салгандай» таасир калтырды. Биринчиден ал ошончолук эле Элдик Курултай болсо, Курултайдын маанисиндей тазалыкты көздөсө башкача Курултай болмок! Экинчиден, ал жерге артында электораты бар коомдук- саясий күчтөрдүн лидерлери, өз көз карашындагы активдүү саясатчылар барган жок. Улуттун интеллигенциясы жана башкалары да көрүнбөдү. Мындайда «дрижерлор» уюштурулган ал жыйынды жалпы элдин атына жамынтып алышып, элдин эмес, жеке мүдөөлөрүн чечүүгө кылган аракеттерин алар өздөрү сезбесе көпчүлүк «көңүлсүз комедия» катары айтып жатышканына деле кайыл. Кимдир бирөөлөрү дагы бирөөлөр үчүн курал болуп беришсе, кимдир бирөөлөр үчүн кадимкмки эле соодалашуу аянтчасы, дагы кимдир бирөөлөр үчүн жеке өч алуу жыйыны болуп калганы калдайып эле калды. Т. Абдумомунов атындагы Улуттук Академиялык драма театрында өткөн ошол спектаклде, тойус, Курултайда «курултайчылардын ана башчылары» СШЖнын мойнуна эшеккке жүк арткандай артчуларыбызды артып, «ультуматумдарын» да коюп койдук дешкендери менен Жээнбеков үчүн саясий плоцдармдын платформасын жаратып берүүгө жанталаша кызмат кылышкандары да 2+2 барабар «ошол» болгондой эле болду. Кудум Орто кылымда (аны да Курултай деп алышып) жеке «разборкаларын» элдин атына жамынып чечкен жыйындардай болуп…
… алардын мордаларын, уялбай сүйлөп жатышкандарын көргөн көпчүлүктүн деле үзүлүп-чачылып эч кимисинин деле ичтери чыккан жок… Атамбаевби, Отунбаевабы, Мадумаровбу керек болсо Жээнбековдун соратниктерине деле жаккан жок окшойт, чындап келгенде?
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ