Menu

Айыл чарбасында революция жараткан жаңылык (сууну ток да, май да колдонбой чыгарган агрегат-гидротаран)

Бөлүшүү:

Кыргызстандын президенти, өкмөтү “Айыл чарбаны, аймактарды өнүктүрүү” деп өз программаларын жарыялап, быйыл бул тармакта көп иштер жасалууда. Өлкөнүн калкынын көп бөлүгү айылдарда жашайт, сугат жерлерди өздөштүрүп, эгин, арпа, жер-жемиштерин өстүрүшөт, эмгек үзүрүн ошодон көрүшөт…

Сугат жер болсо, суу келсе абдан жакшы да, анда эч көйгөй жок. Бирок, республиканын 500-600 миң гектардай жери кайракы эмеспи, бүгүнкү маек ушул маселени чечүүгө өз салымын кошо ала турган агрегат-гидротаранды жасап чыгарып, сууну дарыя, арыктардан суунун деңгээлинен өйдөгө, 60 метр бийиктикке чейин жеткизе турган “Аквасильвер” компаниясынын генералдык директору Жунушалиев Адашбек Жумалиевич менен болмокчу.

 Адашбек Жумалиевич, ушул эл көп сөз кылган”гидротаран” жөнүндө айтып берсеңиз, тарыхын, иштешин, айыл эли кандай кабыл алууда? Бул агрегаг жаңы технология эмеспи, айыл эли түшүнүп, колдонуп жатабы?

– Рахмат. Бул     агрегат-“гидротаранды” кыргызстандык окумуштуу Рогозин Григорий Васильевич ойлоп тапкан жана патентин алган. Биздин “Аквасильвер” компаниябыз ушул “гидротаранды” жасап чыгаруу жана элге коюп берүү үчүн атайын уюшулган 2017-жылы, жана 2018-жылдын башында патентти сатып алган. “гидротаранды”, биз кыргызча “суу түрткүч” деп коёбуз, анткени ал сууну өйдөгө түртүп чыгарат, “насостой” болуп соруп чыгарбайт да. Эки жылдан бери биз ушул “суу түрткүч” менен иш алпарып жатып, “суу түрткүчтүн” аккан суу болсо эле сууну түртүп чыгарып берерине толук көзүбүз жетти. Эң эле уникалдуулугу – электр тогу, куючу майлардын колдонулбагандыгы. Анткени, суу түрткүч сууну өйдөгө, 60 метр бийиктикке, узундугу 1 км.ге, түрткөндө, эки клапандын аракети, суунун агымынын күчү менен иштей берет токтобой, клапандын бирин тартып койсо же суу келген трубанын башын жаап койгондо токтоп калат. Суу түрткүчтү коюп бергенден кийин, 3-4 жылга кепилдик берилет, андан кийин клапанын которуп койсо эле дагы ошончо иштей берет. Эки жылда биз Кыргызстанда, Казахстанда 20дай эле комплект кое алдык, анткени, ушул учурда мониторинг, маркетинг иштери, элге түшүндүруү, дарыяларды, каналдарды, арыктарды, кайракы жерлерди изилдөө жумуштары менен алектендик. Кыргызстандын 7 облусунда кайсы жерлерге, кайракы, сугат жерлерге кайсы дарыяларды, арыктарды, каналдарды колдонуп суу чыгарса болорун изилдеп бүттүк. Казакстандын аймагында да ушундай эле иштер болду. Анткени, аларга биз чыгарган “суу түрткүчтү” экспорттоого болот, кызыгуу өтө күчтүү… Биздин да айылдыктардын, фермерлердин “суу түрткүчкө” кызыгуусу чоң, алар “ютубдан” анын кандай иштешин бир көргөндө эле түшүнүшөт, ишенишет, колдошот. Ушул күнгө карай гана миңден ашык кардарларыбыз бар, “суу керек болуп, суу түрткүчтү алабыз” деген…

– Ушундай “уникалдуу” жаңы технологияны элге чыгарып, коюп берсеңер, жакшы экен да, анткени берки насостой болуп электр тогуна каражат коротушпаса, бензин, солярка сатып алып коюп жүрүшпөсө. Ушул “суу турткүчүңөрдун” кандай түрлөрү бар, канча жерди суугарса болот?

–  Ооба, ал айтканыныз туура, “суу түрткүчтү” койгондон кийин, ага кызмат кылуунун кереги жок, иштей берет. Эмки, 2020-жылдын мартына карай биз ГТ-200, ГТ-300, ГТ-400 деген түрлөрүн чыгаруу иш аракеттерди жасоодобуз, анткени ушул үч коломдогу суу түрткүчтөр негизинен керек экен. ГТ-200 менен 1-2 гектарды, ГТ-300 менен 3-6 гектарды, а ГТ-400 менен 7-9 гектар жерди сугарса болот. Бааларын да айта кетсем, 38 500 сомдон 100 000 сомго чейин турат бир комплекти, биз орнотуп берсек ага да төлөө керек, кыйындыгына карап 12 000 сомдон 50 000 сомго чейин. Суу түрткүчкө кошулуучу трубаны жана шлангды кардар өзү даярдайт. Коюп берүү убактысы 3 сааттан 2 суткага чейин.

– Жакшы элдик иш жасап жатыпсыздар, ишке ашса айылдын өнүгушүнө чоң салым болот экен. Алдыга кетчү, перспективалык жумуш, аракет тура. Ушул, сиздин иштериңизге, долбооруңузга өкмөттөн жардам болуудабы? Айыл-аймакты өнүктүрүү, жаңы технологияны колдоо программалары бар эмеспи. Же, билишпейби?

– Бул долбоор тууралуу президенттик аппарат да, өкмөт да билет, маалымат жеткен, алар менен да иштешип жатабыз. Бирок билесиз да, аяктан Бизнести колдоо Агенттигине жиберип коёт, аларга да документтерди даярдап берүүдөбүз. Көбүнчө “3 жылдык пайданы көргөзгүлө” дейт экен, “залог” дейт экен. Биз жаңы иштесек, эки жыл изилдөө, жарнак, анча-мынча чыгарып коюп текшерип, иштегенге жаңы даяр болсок, кайдан бизде үч жылдык пайда? Биз эми базарда ботинка алып-саткан жокпуз да, үч жылдан бери. Биз, жаңы технологияны ишке киргизип атабыз, биз жаңы өндүрүштү ишке коюудабыз. Элге, айылга жардам болсун деп аракеттенип келебиз. Жардам сурасаң, “үч жыл иште, пайдаң болсо акчадан жардам беребиз”- деген таң калыштуу, анткени, үч жыл иштеп пайда көрүп жаткан компания алардан жардам сурабайт да… Эгерде, биздин суу түрткүч өкмөткө кызык болсо, элге кызык болгондой, көңүл буруп калышы да мүмкүн го…

– Жакшы иштер экен, өкмөт да көңүл буруп калгысы бардыр, негизинен айылды өнүктүрүүгө өтө чоң салым боло турган экен. Сиздерге качан, кандай кылып буйрутма берсе болот, кайсы убакта сатып, коюп бере баштайсыңар?

– Негизинен кардарлар качан да болсо такташып, суунун, жердин видеолорун жиберсе болот, эгерде чыгара алсак гана буйрук беришсе болот. Эмки жылдын февраль айынан баштап буйруктарды ала баштайбыз, ошол убакка карай бизде суу түрткүчтөрдүн үч түрү тең даяр болот, марттан сентябрга чейин 7 облусту кыдырып коюп беребиз. План боюнча 500 комплектен 1000 комплектке чейин жетишели деген ойдобуз. Ватсап: +996 706 58 55 44, ушул номерге дарыянын, арыктын, каналдын жана жердин видеосун 30 секунддук кылып жиберсе болот.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: